«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

  • 2 года мурун

Ош-Бишкек унаа жолунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Ведомствонун билдирүүсүнө ылайык, мындай чара Ош-Бишкек унаа жолунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында көрүлүүдө.

Синоптиктер Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганын эскертүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты