«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды
- 2 года мурун
«Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынна билдиришти.
31-октябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда бороон болуп жана жол тайгак болгондугуна аталган постко чектөө киргизилген. Чектөө кырсыктарды алдын алуу жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында болгон. Бүгүн, 1-ноябрда Жайыл районунун «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу киргизилген чектөө алынды.
Муну бөлүшүү