«Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчиси Шамиль Ибрагимов УКМКга сурак берип чыкты

  • 2 года мурун

«Сорос-Кыргызстан» фондунун директору Шамиль Ибрагимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) сурак берип чыкты. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Анын айтымында, сурак фонддун имаратынын айланасындагы суроолор боюнча болгон.

«Бардык түшүндүрмөлөр берилди, маселе жөнгө салынды деп ойлойм», — деп жазды Ибрагимов.

«Сорос Кыргызстан» фонду Кыргызстанда 1993-жылдан бери иш алып барат. Фонд жети тематикалык тармакта гранттарды берет. Алар — коомдук саламаттыкты сактоо, билим берүү, укук, жарандык катышуу, массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү, санариптешүү, изилдөө багыты.

1993-2018-жылдар аралыгында аталган багыттарда ар түрдүү жергиликтүү уюмдарга жалпы 98 миллион 800 миң доллар грант берген. Бөлүнгөн гранттардын 39% саламаттык тармагына берилүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты