Соодагерлер кайрадан ККМге каршы акцияга чыгышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 13-июнда Өкмөт үйүнүн алдында жүздөн ашык ишкер көзөмөл-кассалык аппаратын (ККМ) колдонууга каршы акцияга чыкты.

Нааразычылык акциясына чогулгандар Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун чыгуусун талап кылып жатышат.

Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт.

Бир катар ири базарларда иштеген соодагерлер буга карата нааразылыгын билдирип, митинг-пикеттерди өткөрүшкөн. Алар ККМ колдонсо товарын кымбаттатууга мажбур болорун айтышкан.

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой” жана “Ош» базарларына барып, ишкерлерге ККМди ишке киргизүү максатын түшүндүргөн. Ал Кыргызстанда экономиканын 40% көмүскөдө калганын, ошону алып чыгуу аракети көрүлүп жатканын, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деген аракет көрүлөрүн айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты