Соода борборундагы жаныбарлар бурчунда жылан 15 жашар кызды тиштеп алган

  • 1 месяц мурун

Бишкекте «Ала-Арча» соода борборунда жайгашкан зоопарктагы террариумду ачканда жылан 15 жаштагы кызды чагып алган.    

Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 12-августта кечке жуук болгон. Териштирүүдө 15 жаштагы кыз зоопарктын кызматкеринин ордуна эки саатка иштеп жаткан убакта жылан анын колун чагып алган.

Кыздын атасы арыз жазуудан баш тартып, дарыгерлер аны текшергенин жана абалы жакшы экенин айткан.

Бул окуя боюнча тергөө иштери башталган.

Социалдык тармактарда кызды жылан чагып алганы түшүп калган видео жарыяланып, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары жазды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты