Медеткан Шеримкулов менчиктеген Жыламыш айылындагы мектеп имараты мамлекетке кайтарылды

  • 1 день мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) жүргүзгөн текшерүү иштеринин натыйжасында Чүй облусунун Сокулук районундагы Жыламыш айылында жайгашкан эки кабаттуу жалпы аянты 20 га мектептин имараты мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМК басма сөз кызматы билдиргендей, Жыламыш айылында 200 орундуу эки кабаттуу мектептин имараты бар экендиги аныкталып, ал мектеп учурда иштебей турган.

Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын бузуу фактыларыорун алган, анын натыйжасында мектеп жана анын аянты 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мектептин ээси М.Ш. сметалык баасы 376 млн 339 миң сомду түзгөн объектини өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты