Сокулуктагы чыр-чатактан бир адам каза болду

  • 10 месяцев мурун

Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын денесинде октон алган жаракаты менен жансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын экинчи тургуну 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.

Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.
Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер КР ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты