Сокулуктагы бала бакча балдарга кайтарылды

  • 1 год мурун

Прокуратуранын доо арызынын негизинде Сокулуктагы бала бакча кайтарылды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

2004-жылы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын токтому менен Сокулук айылында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты Социалдык Фонддун райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.  Соцфонддун райондук башкармалыгы бала бакчаны максаттуу пайдалануу багытын бузуп, аны административдик имарат катары колдонуп келген.

Имараттын баасы — 10 миллион 120 миң сомду түзөт.

Сокулук райондук прокуратурасынын сотко аталган бала бакчанын имаратын кайтаруу жөнүндө кайрылган доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде мындан ары аталган имарат баштапкы багыты — бала бакча катары пайдаланылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты