Сокулуктагы адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча үч адам кармалды

  • 10 месяцев мурун

Сокулуктагы адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26, 35 жана 69 жаштагы үч киши кармалып, алар убактылуу тергөө жайына камакка алынды. Алар Жаңы-Жер айылынын тургундары. Аталган айылдын дагы эки тургунуна издөө жарыяланды.

Эске салсак, кечээ, 22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза болгон. Дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.

Сокулуктагы адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча үч адам кармалды
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты