Сокулукта зордуктоого кабылган кыз боюнча иш сотко өттү

  • 4 месяца мурун

Сокулукта зордуктоого кабылган кыз боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй ОИИББи депутат Элвира Сурабалдиеванын милиция чара көрбөй жатат деген билдирүүсүн четке кагып, мыйзам чегинде иш жүрүп жатканын билдирди. Сокулук районундагы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 19-20 жаштагы эки бала камакка алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен эки шектүүгө Кылмыш- жаза кодексинин 154-беренеси (“Зордуктоо”) жана 157-беренеси (“Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча айып тагылып, иш сотко өткөрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты