Сокулукта жасалма акча менен көмүр сатып алган жаран кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда жасалма акча менен соода кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-январда Сокулук айылынын Ж.Э. аттуу тургуну райондук милицияга арыз менен кайрылып, бейтааныш адам андан жасалма 200 АКШ доллары менен 1,7 тонна көмүр сатып алганын, 4 миң 300 сом кайтарып алган соң окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 35 жаштагы Д.А. аттуу жаран Сокулук айылында дагы бир жерден жасалма акчага көмүр алып жаткан жеринен кармалган.

Кармалган учурда анын жанынан 75 даана 500 евро жана 67 даана 100 АКШ доллары табылган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты