Сокулукта жүк ташуучу унаадан өрт чыгып, жакын жайгашкан кафеге өткөн

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө бүгүн, 2-февралда “Вольво 420” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаадан (ичинде газовый баллондор жүктөлгөн) өрт чыгып, жакын жайгашкан «Жигитос» кафесине өткөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 04:37де Сокулук райондук №23 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоо саат 09:37де толук өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 280 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты