Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттөн 8 жаштагы бала каза болду
- 1 год мурун
Сокулукта турак үйдөн чыккан өрттөн 8 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 5-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган М.Н. аттуу бала каза тапкан.
Муну бөлүшүү