Сокулукта мектеп дааратканасынын ачылышына катышкан аткаминер иштен алынды

  • 2 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевге сөгүш берип, анын орун басары Самаган Мурсалиевди кызматтан алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечим боюнча түшүндүрмө берген жок.

Буга чейин Самаган Мурсалиев баштаган райондун жетекчилери Төмөнкү Чүй айылындагы эки миллиондой сомго курулган мектеп дааратканасынын ачылышына катышкан. Анда тасма кесилип, шаан-шөкөт менен коштолгону талкуу жараткан. Даараткананы курууга каражатты демөөрчүлөр бергени, айрыкча кыздарга ылайыкташтырылып салынганы, аларга керектүү каражаттар коюлганы айтылган.

Кыргызстанда 2 236 мектеп бар. Эл аралык уюмдар 2019-жылы өлкө мектептеринин таза суу, таза даараткана менен камсыз болуу көйгөйлөрүн иликтеп чыккан. Натыйжада айрыкча аймактардагы мектептерде бул көйгөй курч экени аныкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты