Сокулукта ири өрттөн улам 3 гектар арпа жана курулуш материалдары күйүп кетти

  • 2 года мурун

Сокулукта ири өрт катталып, 3 гектар арпа жана курулуш материалдары күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында катталган.

Өрттү өчүрүүгө эки күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрт саат 22:04тө толук өчүрүлдү. Жабыркагандар жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты