Сокулукта эки өспүрүмдү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда 6 жана 11 жашар эки баланы сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен деген шек менен 37 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 8-мартта саат 19:51лер чамасында Военно-Антоновка айылындагы Фрунзе жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишде болгон. Белгисиз айдоочу 2012-жылы туулган Д.А. жана 2017-жылы туулган Д.З.ны сүзүп, токтобостон окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Натыйжада балдар Сокулук райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Кырсыкка шектүү 14-мартта гана кармалып, райондук милициянын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты