Сокулукта эки кабаттуу мечит өрттөндү (видео)

  • 2 года мурун

Кечээ, 24-январдын кечинде Чүй облусунун Сокулук районунда эки кабаттуу мечиттен өрт чыгып, толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

ӨКМнын маалыматында, мечит өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшөрү менен ӨКМнын 4 күжүрмөн эсеби тартылып, өрттү өчүрүүгө киришишкен. Алар мечитке жакын жайгашкан турак үйлөргө жалын өткөрбөй сактап калышкан. Өрт 25-январга караган түнү саат 03:00дө толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен диний имараттын болжолу менен 900 чарчы метр аянты күйүп кеткени айтылды. «Жабыркагандар жок. Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар такталууда»,- деп билдирди ӨКМ.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты