Сокулукта айдоо жерин мыйзамсыз каттоого шектелип эки жаран кармалды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алууга шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл аймагынын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүнүн адиси И.Х. жана аталган айылдын тургуну А.К. жасалма документтерди жасап, жалпы аянты 13 гектардан ашык айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамсыз каттап алышканы аныкталган. Муну менен алар мамлекетке 7 млн сом зыян келтиришкени айтылат.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Документтердин жасалмасын жасоо” жана “Алдамчылык” беренелеринин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты