Сокулукта адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды
- 10 месяцев мурун
Сокулуктагы Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган мушташ боюнча издөөдө жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өлтүрүүгө шектелген жарандар 1982-жылы туулган Абдуллаев Курбангаджи жана 1979-жылы туулган Даудов Магомед-Эмин өзгөчө оор кылмыш жасап, белгисиз тарапка качып, издөөгө алынган.
26-сентябрда саат 3:00 чамасында жогорудагы издөөгө алынган жарандар кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске салсак, 22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза болгон. Дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.
Муну бөлүшүү