Сокулукта ачык аянтта чыккан өрттөн 10 миң түк чөп, 15 тонна жүгөрү күйдү

  • 1 год мурун

Сокулукта ачык аянтта чыккан өрттөн 10 миң түк чөп, 15 тонна жүгөрү күйдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-апрелде саат 19:44тө Жаңы-Жер айылында ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыгып, шамал болгондугунан улам жыйылган чөпкө, жанаша жайгашкан сарайга өтүп кеткен.   Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок.          

Өрт саат 22:43тө чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты