Сокулукта 24 жаштагы келин төрөттөн кийин каза тапты

  • 7 дней мурун

Сокулуктагы аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө 24 жаштагы Айым аттуу келин төрөттөн кийин каза тапты.

Бул тууралуу  Kaktus.media басылмасына келиндин жолдошу Дастан билдирди.

“7-сентябрда эртең менен келинчегимдин толгоосу башталып, төрөт үйүнө бардык. Аны төрөтканага жаткырышты. Саат 14тө аны төрөт залына алып киришкен. Ал төрөгөндөн кийин кыйналып, кечинде кайтыш болуп калды” деп айтты жолдошу.

Буга чейин биринчи баласын келин “кесарево” жолу менен төрөгөн. Ал эми бала 3700 кг салмак менен төрөлүп, учурда Жалдагы балдар ооруканасында оор абалда жатканы айтылды.  

Чүй облустук ооруканасында 7-сентябрда Сокулук районунун аймактык ооруканасында 1999-жылы туулган А.А. төрөттөн кийин каза болуп калганын жана бул иш боюнча тергөө жүргүзүлүп жатканын билдиришти.      

Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяны иликтеп жатканын маалымдады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты