Сокулук РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

  • 1 год мурун
Сокулук РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

Сокулук РИИБнин тергөөчүсү пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чүй облусунун Сокулук РИИБнин тергөө кызматынын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Д.К. М.Д. аттуу жаранынан алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 5 миң доллар өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталды. Бул факты боюнча УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («Опузалап пара алуу») менен кылмыш иши козголду. Азыркы учурда бул факты боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты