Сокеев: Казакстандын суу боюнча Кыргызстанга дооматы жок

  • 11 месяцев мурун

23-августта Кыргызстандын Айыл чарба министрлигинин Суу чарба департаментинин жетекчиси Алмазбек Сокеев Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарындагы суунун көлөмү боюнча комментарий берди.

Ал Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында суу аз болгондуктан Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүү убактылуу токтотулганын коңшу өлкө түшүнүү менен кабыл алганын айтты.

Алмазбек Сокеев казакстандык адистер менен сүйлөшкөнүн, алардын сууга байланыштуу Кыргызстанга эч кандай дооматы жок экенин айтканын кошумчалады.

“Алар суу жок экенин туура түшүнүү менен кабыл алган. Эч маселе жок экенин жана “берген сууга ыраазыбыз” деген. Казак кесиптештер “чек аранын жабылышы суу маселесине байланыштуу эмес” деп жооп берген”, — деди ал.

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Таластагы Киров суу сактагычында 22-августка карата 14,5 млн куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92,1 млн куб метрге аз экенин кабарлаган. Мекеме Кыргызстан суу боюнча Казакстандын алдындагы бардык милдеттенмелерин аткарганын билдирген.

Кыргызстан август айынын башында Киров суу сактагычынан Казакстанга суу берүүнү убактылуу токтоткон. Казакстандын Экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги муну Кыргызстандын Талас дарыясындагы жана андагы Киров суу сактагычындагы суунун аз болуп жатканы менен түшүндүргөн.

20-августтан баштап кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалар Кыргызстандан Казакстанга өтө албай турат. Айрым экономисттер муну суу маселеси менен байланыштырууда.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты