Соцтармактагы пикири үчүн Айтилек Орозбековдун кармалганы айтылды

  • 3 дня мурун

Айтилек Орозбеков аттуу социалдык тармактын колдонуучусу жазган пикири үчүн кармалганын анын адвокаты Исмаил Каримжанов 2-ноябрда билдиргенин “Азаттык” жазды.   

Жактоочу Каримжановдун айтымында, Айтилек Орозбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалып, ага бийликти күч менен басып алууга чакырыктар беренеси боюнча айып тагылууда.

УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөттө: Айтилек Орозбековдун ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты