Соцтүйүн: «Адахан Мадумаров жубайы менен ажырашты». Текшеребиз
- 2 года мурун
- Фактчекинг
Болотбек Мейманбаев аттуу Фейсбук колдонуучусу 5-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров жубайы менен ажырашканын жазып, саясатчыны “үй-бүлөсүн сактай албаса, мамлекет жөнүндө кантип ойлонот?” деп сындаган.
“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтын аныктыгын текшерип көрдү.
Болотбек Мейманбаев жогорудагы билдирүүсүнө Мадумаровдордун никени бузуу жөнүндөгү күбөлүгүн тиркеген. Анда Адахан Мадумаров жубайы Агилаш Мадумарова менен 2017-жылдын 17-январында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ажырашканы жазылган. Никени бузуу жөнүндөгү күбөлүк ошол жылдын 5-апрелинде берилген.
Мамлекеттик каттоо кызматынын порталынан Мейманбаев жарыялаган күбөлүктүн номерин жазып текшергенибизде документ жарактуу болуп чыкты.
Ошол эле порталдан Мадумаровдордун үй-бүлөлүк абалын текшергенибизде, портал экөө тең никеде турбаганын көрсөттү.
Мындан тышкары, Мамлекеттик салык кызматынын порталында Адахан Мадумаров менен Агилаш Мадумарова борбор калаанын эки башка районунда катталганы белгилүү болду.
Ал эми шайлоочулардын https://tizme.gov.kg/ порталында Адахан Мадумаров менен Агилаш Мадумарова бир шайлоо тилкесине барары көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, бул тизме акыркы жолу 2022-жылдын 10-августунда жаңыланган.
Жогорудагы билдирүүнү жазган “Болотбек Мейманбаев” фейк аккаунт болушу ыктымал. Себеби, анын Фейсбуктагы баракчасында өзү тууралуу маалымат жана өздүгүн тастыктоочу сүрөт жок. Жалпы беш баракчага катталган болсо, алардын бирөө гана жеке адамдын баракчасы, калгандары ар түрдүү мекемелерге тиешелүү баракчалар.
Мындан тышкары, баракчанын ээси Бишкек шаарынан экенин көрсөткөн. Бирок биз https://tizme.gov.kg/ порталынан Болотбек Мейманбаев аттуу жаранды таба алган жокпуз.
Бул маалымат боюнча Адахан Мадумаровдун өзүнөн комментарий алуу үчүн чалып, байланыша алган жокпуз.
Жыйынтык: Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров жубайы менен расмий түрдө 2017-жылы ажырашкан. Бул маалыматты азыр Фейбстукта бөлүшүп жаткан аккаунт фейк аккаунт болуп саналат.