Социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сууга сүт төгүп жаткан видео тараган. Унаанын ээси аныкталды

  • 2 года мурун

Социалдык тармактарда сүт ташыган унаадан сүттү сууга төгүп жаткан видео боюнча Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан маалымат беришти.

Маалыматка ылайык, ал айдоочу Сокулук районунун тургуну 30-жаштагы Г.Г. болуп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө сүт ташуучу унаанын айдоочусу чогултулган сүттү Сокулук районунун Жаңы Жер айылынан жана Жогорку Чүйдөн үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде чогултуп, суттун составы белгиленген тийиштуу талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу сүт алуучу ишканага тапшыра алган эмес, ошого байланыштуу 1-май күнү саат 11:00 чамасында Жаңы-Жер айылында сүт ташуучу унаанын айдоочусу 8,5 тонна сүттү сууга  куюп, аны видеого тартып, кардарларына жөнөткөн.

Мындан тышкары, Чүй облусунун ИИБ кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун аймагында сүт кабыл алып жаткан жеке ишканалар менен тиешелүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар кадимки режимде иштеп жатканы белгилүү болду.

Бул факты Сокулук РИИБнин ЖИИБге катталып, мындан ары тыкыр текшерүүлөр уланып, жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты