Социалдык тармакта диний экстремисттик уюмдун материалдарын таратканга шектелгендер кармалды

  • 1 месяц мурун

Социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратканга шектелген жарандар аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери жүргүзүлүп жаткан “Экстремист” жана “Нелагал” аталышындагы иш-чаралардын алкагында социалдык тармакта диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын тараткан жаранды аныктады.

Чогултулган материалдарга тийиштүү экспертиза дайындалып, Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Өзбекистан Ислам Кыймылы” диний экстремисттик жана террористтик уюмуна таандык экенидиги боюнча корутунду чыккан.

Жогорудагылардын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын 32 жаштагы тургуну Н.А. экени аныкталып, тергөө кызматына камсыз болгон.

Белгилей кетсек, кармалган шектүү буга чейин 2021-жылы Кылмыш жаза кодексинин 240-беренесинин (террордук ишти каржылоо) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган, ошондой эле шектүү Н.Анын бир тууган эжеси 34 жаштагы Р.З.2013-жылы Сирия мамлекетине куралдуу согушка кеткендиги маалым болгон.

Кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай районунун 28 жаштагы Т.А. аттуу тургуну соцтармактардан диний экстремисттик жана террористтик уюмдун материалдарын таратканы аныкталып, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “Джамаат Ат-Таухид валь Джихад” террористтик уюмуна таандык экендиги боюнча корутунду чыккан. Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүп соттук кароого жөнөтүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты