«Социал-демократтар» БШКга арыз менен кайрыларын билдирди
- 2 года мурун
«Социал-демократтар» партиясы билдирүү жасап, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз менен кайрылуу жасай турганын жарыялады. Партиянын билдирүүсүн Кадырбек Атамбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына чыгарды.
«Мыйзам боюнча биз талаштуу чечим чыккандан кийин үч күндүн ичинде арыз берүүгө толук укугубуз бар жана бул укуктан 17-ноябрда пайдаланууга ниеттенип жатабыз. Биз арыз даярдап жатабыз. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына расмий билдиребиз»,- деп билдирди «Социал-демократтар».
Аталган партия БШК мыйзам чегинде акыркы чечимди кабыл алганга чейин «Социал-демократтар» партиясынын тизмеги бюллетенде калышы керектигин айтышкан. Ошондой эле алардын арызы каралып, БШК тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынмайынча Борбордук шайлоо комиссиясында партияны шайлоо бюллетенинен алып салууга эч кандай укуктук негиз жок экенин билдиришкен.
«Мыйзамдуу иликтөөсүз жана соттун өкүмүсүз бизди шайлоодон четтетүү — күнөөсүздүк презумпциясын, демократиялык принциптерди жана биздин укуктарыбызды одоно бузуу экенин эскертебиз. Өзүнүн шайлоого катышуусун коргоо үчүн “Социал-демократтар” саясий партиясынын жетиштүү сандагы аргументтери жана далилдери бар. Биз таза жана ачык шайлоону жактайбыз»,- деп айтылган билдирүүдө.
Ошондой эле аталган партия мыйзамга ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими чыкканга чейин бюллетенде партиянын аты-жөнү көрсөтүлүшү керек экендигин жана ал үчүн добуш берүүгө болорун жарыялады.
Эске салсак, кечээ, 14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.
Ал эми Ички иштер министрлиги (ИИМ) жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына аттанган “Социал-Демократ” саясий партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековдун жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн шайлоочулардын добуштарын сатып алууга шектелип, кармалганын билдирген.
Сүрөт: интернет булактары




