Соцфонд пенсиянын базалык бөлүгүн 500 сомго көбөйтүүнү сунуштады

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Социалдык фонду ушул жылдын 1-октябрдан тартып, пенсиянын базалык бөлүгүн 500 сомдон кем эмес өлчөмдө көбөйтүүнү сунуштады. Долбоор коомдук талкууга чыкты. Анда демилгеге айлык акы жана керектөөчү баалардын индекси өскөнү негиз бергени жазылган.

Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылга карата берген маалыматында керектөөчү баалардын өлчөмү 113,9%, айлык акы 137,3% өскөн.

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, пенсияны индексациялоо Соцфонд бюджетиндеги каражаттын өлчөмүнө жараша көбөйтүлөт. Пенсиянын базалык бөлүгүн кеминде 500 сомго көбөйтүүгө жалпысынан 3 млрд 975 млн 843 900 сом сарпталат.

Соцфонддун маалыматына карата, жаңы индексациянын жыйынтыгында орточо пенсия 9413 сомду түзөт. Бул азыркы орточо пенсиядан 1728 сомго көп болот.

Мекеменин расмий маалыматына ылайык, өлкөдө 765,6 миң пенсионер бар. Алардын ичинен 219 миңдей пенсионер 5 миң сомго чейинки пенсия алат.

Быйылкы алты айда Кыргызстанда 38 774 адам пенсияга чыккан. Анын ичинен 4583 адамга июнь айында пенсия чегерилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты