Соң-Көлдө жайыттарды коргоо боюнча текшерүү жүргүзүлүп, 66 миң сом айып пул салынды

Соң-Көл аймагында жайыттарды жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын сактоо боюнча рейд өткөрүлүп, мыйзам бузган 12 учур аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жалпы суммасы 66 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Иш-чара Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Нарын облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду. Рейд Министрлер Кабинетинин №330 токтомунун талаптарын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Текшерүүнүн максаты жайыттарда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында авто жана мототранспорт каражаттарынын мыйзамсыз жүрүүсүнүн алдын алуу.

Министрлик жайыттарды сактоо экологиялык туруктуулук жана мал чарбачылыгы үчүн маанилүү экенин белгилеп, жарандарды жаратылышты коргоо талаптарын сактоого чакырды.

Сүрөт: Скриншот

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты