Соң-Көл жайлоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан туристтер табылды

  • 1 год мурун

Соң-Көл жайлоосуна кетип дайынсыз болуп жаткан туристтер табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

3-апрелде 4 эркек Канада өлкөсүнүн J.Н., E. Z. жана Кыргызстандык Ш.Т., Т.Т. аттуу жарандар 30-апрель күнү Соң-Көл жайлоосунан Молдонун-Бели ашуусу аркылуу Ак-Талаа районуна Toyota Sequoia үлгүсүндөгү унаа менен кетип, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине издөө-иштерин жүргүзүүгө Жумгал райондук №43 ӨКБдан Авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу жана туугандарынан 1 адам тартылган. Жогоруда аталган жарандар Соң-Көл жайлоосунан аман-эсен табылып, ал эми унаасы карга тыгылып калгандыгы аныкталган. Абалдары туруктуу. Куткаруучулар тыгылып калган унааны чыгарып беришип, жардам көрсөтүшкөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты