«Скульпторлук эркектин жумушу, андан көрө врач бол деп айтышкан…» Скульптор Тамила Маматованын бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)

«Скульпторлук эркектин жумушу, андан көрө врач бол деп айтышкан…» Скульптор Тамила Маматованын бир күндүк жашоосу (Фоторепортаж)
Фотодолбоор: «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы»
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери искусство тармагына жетиштүү көңүл бурулбай, аксап келе жатканы жашыруун эмес. «Эл кыйналып жатса, искусство, балет же скульптура менен иши болмок беле?!» деген өнөр адамдары көптөгөн кыйынчылыктарга карабай бүгүнкү күнгө чейин өз ишин улантып келишет. Биз бул жолу «Эгемендүү кыргызстандыктардын үмүтү жана таарынычы» аттуу фотодолбоордо скульптор Тамила Маматованын бир күндүк жашоосу тууралуу айтып беребиз.
«Ыш жыттанган шаардагы таң»
Кыш айларынын жакындашы менен түтүнгө толгон Бишкек шаары таң эрте жанданат. «Бозомук шаар» деген атка конгон борбор калаада ыштын жыты буруксуп турат.
Бул убакта көпчүлүк шаар тургундары сыяктуу, скульптор Тамила Маматова да устаканасына келип, жумушуна киришет.
«Скульптордун иш күнү»
Тамила Маматованын устаканасы үйүнүн жанында. Эрте турууну адат кылган скульптор күн сайын саат 5-6да ойгонуп 8:00дө жумушун баштайт.
Устакананын кире беришинен эле катар тизилген айкелдерден жана көз жоосун алган скульптуралардан Тамила Маматованын таланттуу скульптор экенине ынанууга болот.
Бирок устакананын ичи суук. Жакында жааган кардын ызгаары дал ушул бөлмөгө толуп алгансып, бир канча убакыт отургандан кийин сөөк какшаткан суук даана сезиле баштайт.

Ал эми, Тамила Маматова бардык нерсени унутуп, кыялданган скульптурасын жасоону уланта берет.
«Эртеден кечке бейтаптар менен отура албайм» деп, скульптор болууну тандаганмын…»
Тамила Маматова жөнөкөй жана шайыр адам. Өзү көп сөздүү болбосо да, көздөгөн скульптурасын жасап жатып, бизге кесибинин оош-кыйыштары тууралуу айтып берди.

«Мен, медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Апам кичине кезимде «врач бол» деп көп айтчу. Бирок, таптакыр врач болгум келчү эмес. Апама да «коюңузчу, мен эртеден кечке бейтаптар менен отура албайм» деп көнбөй койдум. Мектепти бүткөндөн кийин бир жыл Ошто окуп, кайра Бишкектеги Т.Садыков атындагы көркөм сүрөт Академиясына которулдум. Экинчи билимимди болсо Санкт-Петербург шаарындагы И.Е Репин атындагы Императордук Академиядан алдым. Чынында, бардыгы ушул жерден башталды. Анткени дипломдук ишимде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасагандан кийин, көбү тааный баштады..»
«Врачтар суук ылайга колуңду салба деген, бирок анын да жолун таптым…»
Түшкө жакын Тамила Маматованын иши кызуусуна кирет. Атайын тандалган ылайларды алып, 1-2 саат мештин үстүнө коюп туруп, андан кийин колдонууну эп көрөт. Анкени көп жылдардан бери суук ылай жана таш менен иштеп жүрүп муундарына суук өткөрүп алган.

«Билинбеген менен жумуш оор эле. Күн сайын ылай жана таш менен иштейбиз. Азыр ылайды бир аз жылытып алып иштеп калдым. Анткени, врачтар суукка колуңду урундурба деп айтышкан. Бирок, жумушум ушул да. Бардык шартка ылайыкташып, иштеп келебиз.»,- дейт скульптор.
Устакананын ичинде Чыңгыз Айтматовдун, А.С Пушкиндин жана башка улуу өнөр инсандарынын айкелдери бар.
Тамила Маматова көпчүлүк учурда китеп окуганда же театрга барганда эргүү алып, пайда болгон идеяларын дароо ишке ашырганга аракет кылат.

«Китеп окуганды аябай жакшы көрөм. Ал эми, театрдагы көрсөтүүлөрдү такыр калтырбайм. Анткени, дал ушул нерселер мага эргүү берет. Азыр көптөгөн идеяларым бар. Ошолорду акырындан ишке ашырууну көздөп жүрөм.»
«Аял скульпторлор дээрлик жокко эсе»
34 жаштагы Тамила Маматованын скульпторлукка аралашканына дээрлик 15 жылга жакындап калды. Бул убакыт аралыгында, көпчүлүгү аны бул «аялдын жумушу эмес» деп ишендирүүгө аракет кылышса да, кесибин таштаган эмес.
«Академияда окуп жүргөндө агайларым «Скульптураны эмне кыласың? керамист бол» деп көп айтышкан. Бирок, мен скульптура жасагандан дегеле ташка жана ылайга жан киргизгенден ырахат алам. Кээде мен скульптормун десем «чын эле скульптура жасай аласыңбы?» деп таң калгандар болот.»
Чынында, Тамила Маматова бир гана Кыргызстанда эмес Орто Азия боюнча саналуу скульптор айымдардын бири.
«Жылыбаган устаканада уланган иш»
Тамила Маматова жылынып алуу үчүн иш учурунда чай ичип турат.
Ал эми устаканадагы жылыткыч иштеп турганы болбосо, ысыгы деле тийбейт. Скульптор «Мени эмне мынча чулганып алган деп таң калып жатсаңыз керек. Атайын форма кийип иштейин десем, суук өтүп кетет да.»,- деп аргасыз жылмаят.
Тамила Маматова Кыргызстандын өнүгүшүнө ишенет. Жалгыз өкүнгөнү бийлик тараптан скульпторлого көңүл бурулбаганы.

«Менин көптөгөн скульптор кесиптештерим бар. Бирок көпчүлүгү шарты келбегендиктен устаканага жете албай жүрүшөт. А мен суук болсо да, эптеп бир иштей турган жер ачып алганыма сүйүнөм. Негизи бийлик скульптор жана керамисттердин башын бириктирген бир устакана ачып берсе, искусствонун өнүгүшүнө чоң салым болмок «,- дейт Тамила Маматова.

Ошол эле учурда скульптор Кыргызстанда искусствонун өнүкпөй жатышына экономикалык кризистердин да чоң салымы бар экенин айтат.

«Биздин коңшу мамлекеттерде скульптурага көбүрөөк көңүл бурула баштаптыр. Бизде да акырындан башталып келе жатат. Чынында эл курсагы ач болуп турса, кайсы скульптураны көргүсү келсин? Ошондуктан баары акырындан болооруна ишенем.»

Кызыгы, Тамила Маматова түшкү тамакты да устаканасында ичет. Көпчүлүк учурда, иштерин батыраак бүтүрүү үчүн колун жууганды да унутуп коет.
Андан кийин күүгүм киргенде, пландаган скульптураларын жасоону улантат. Тамила Маматованын сүйүнгөнү, башка бирөөгө баш ийбей өзүнүн устаканасында эркин иштеп жатканы.

Устакананын сыртында да Тамила Маматованын көптөгөн скульптуралары бар.
Көпчүлүгү көргөзмөлөргө коюлуп, эл аралык сынактардан байгелүү орундарды алышкан. Ал эми, Тамила Маматованы да Италия, Түркия сыяктуу мамлекеттерге симпозиумдарга чакырып турушат. Кээде экономикалык кыйынчылыктан улам бара албай калса да, бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп калууга аракет кылат.

Иш күнү кечки саат 18:00дө аяктайт.
Тамила Маматова, суукка карабай өз ишин тыкыр аткарып бүткөн соң гана үйүнө жөнөйт.
Скульптор Тамила Маматованын кубанычы, эч кимдин сөзүнө карабай өзүнүн сүйүктүү иши менен алектенгени.

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Долбоор, MediaJasa проектинин алкагында «Сорос-Кыргызстан» Фондунун жардамы менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен «Сорос-Кыргызстан» Фондунун көз карашын чагылдырбайт.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты