Синтетикалык баңгизат жасап, таратып жүргөн эки улан кармалды

  • 3 месяца мурун

Ысык-Көл облустук милициясынын кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен бирге синтетикалык баңгизаттарды жасап тараткан деген шек менен эки жаранды кармашты.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгында? шектүү катары Ысык-Көл облусунун 21 жаштагы А.Н. жана З.Т. аттуу эки тургуну Бишкек шаарында колго түшүрүлгөн.

Тинтүү иштери жүрүп, анын жыйынтыгында алар жашаган жерден далил зат катары өсүмдүктөрдөн алынган заттар, атайын ингредиенттер, электрондук тараза, таңгактоо үчүн жабдуулар жана желим баштыктар табылган.

“Соттук-химиялык экспертизанын корутундусу боюнча алынган өсүмдүк заттары «Спайс» жана «Мефедрон»деген ат менен белгилүү болгон психотроптук жана синтетикалык баңги заттарына таандык экенин көрсөттү.

Алынган баӊги затынын жалпы салмагы 2 килограмм 270 граммды түзөт” деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандар үстүбүздөгү жылдын февраль айынан баштап синтетикалык баңги заттарын мыйзамсыз таратуу менен алектенип келгендиги, андан кийин аны өздөрү даярдап, таратууну чечишкени айтылган.

Ошондой эле, алар Бишкек шаарынан батир алып, ал жерде синтетикалык баңги заттарын жасашып, андай кийин аларды Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын аймактарында «бомба» (дүң коймо) түрүндө коюшкан.

Кийинчерээк, “Телеграмм канал” аркылуу бирден таратуучулар үчүн жашыруун коюлган жерлерди көрсөтүп келишкен. Атайын органдар тарабынан аталган аймактардан баңги заттарынын 638 жашыруун коюлган жерлер аныкталып, жалпы салмагы 1 килограмм 640 грамм салмактагы психотроптук жана синтетикалык баңги заттары алынган.

“Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, “Жашырун базарда” шектүү А.Н. жана З.Т. алынган бардык синтетикалык баңги каражаттарынын баасы 6 миллиондон ашык сомду түзөт” деп айтылат маалыматта.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын чечими менен шектүүлөр эки айга камакка алынып, козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы белгилүү болду.

Синтетикалык баңгизат жасап, таратып жүргөн эки улан кармалды
Синтетикалык баңгизат жасап, таратып жүргөн эки улан кармалды
Синтетикалык баңгизат жасап, таратып жүргөн эки улан кармалды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты