Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы болду
- 1 год мурун
Алмамбет Шыкмаматов Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы болду. Бул тууралуу Шыкмаматов «ПолитКлиника» медиасына тастыктады.
Ал буга чейин “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп эмгектенип келген. Бүгүн, 5-сентябрда бул кызматынан бошотулду.
Аталган компанияны Аида Төлөгөнова жетектеп келген.
Шыкмаматов 2021-жылы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болгон. Ошол жылдын ноябрь айында парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырып берген.
Муну бөлүшүү