#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…” (Фоторепортаж)

Дүйнө жүзүндө ар 11 мүнөт сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан бир аял каза болот. Денесине кол тийип, психологиялык жактан басым көргөндөрдүн саны андан да арбын. Бардык учурда кызыл камчы эркектин кордугун көргөн аялдардын денесинде жана жүрөгүндө өмүр бою кетпеген так калат. 

Биз бул жолу “Шрам” аттуу фотодолбоордо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын окуяларын баяндайбыз. 

“Той күнү сабаган…” 

Назгүл (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) мектепти бүткөндөн кийин жогорку билим алуу үчүн борборго келген. Студенттик жашоосуна бат эле көнүп, окууга баш-оту менен берилет. Апасы “диплом алгыча турмуш курба” деп кулагына куйгандыктан, Назгүл жигит жандап, ар кандай кечелерге көп барбаганын айтып отурду. Анткен менен студенттик күндөрү өмүрүнүн эң жакшы жылдары болгон экен. Куратордун сунушу менен 4-курстан кийин магистратурага тапшырып, кызыл диплом менен аяктайт. Жаңы эле иштеп, дагы бир окууну көксөп жүргөндө кокустан бир жигит менен таанышып калат. Тагыраагы, аны тааныштырышат…

“23 жашымда бир жигит менен таанышып калдым. Туугандардан угуп, издеп келиптир. Үч жолу көрдүм. Андан кийин эле ала качып кетти. Чынын айтсам, салабаттуу, түзүк жигиттей көрүнгөн. Жаштык кылып, мурда-кийин жигит жандабаган жаным “мени ала качып алды, демек сүйүп калган окшойт” деп ойлоптурмун. Чогуу жашай баштагандан бир жума өтпөй ороңдоп, кагып-силке баштады. Бул мамилеси мага катуу тийди. Эмнеден жазганымды түшүнбөй калдым. Мен эркектин орду бийик үй-бүлөдө чоңойгом, бирок атам апама, агаларым жеңелериме кол көтөргөн эмес. Бир айдан кийин кайындарым үйлөнүү тоюбузду өткөрүшмөй болду. Тойго бир күн калганда, түн ортосунда болбогон шылтоо менен катуу урду. Көзүм көгала, ыза болдум, ээрчитип барган курбуларымдын алдында басындым. Ошол мүнөттө колду шилтеп басып кетүү мага уят сезилген. Той болгону жатса, мен кетип калсам кандай болмок?”.   

                .

Назгүлдүн үй-бүлөлүк турмушу тойдон кийин таптакыр башка нукка түшө баштайт. 

Же кетип кала албай, же арманын уккан киши болбой аябай кыйналган. Ошол кезде төркүндөрү да “чыккан кыз чийден тышкары” дегендей мамиле кылышкан. 

“Той болуп жаткан күнү маанайым суз эле. Көзүмдүн асты көгала, денем жанчылып ооруп тургам. Апам “эмне болду?” деп сурады. “Эч нерсе деле болгон жок” дедим. Такып сураса баарын айтып бермекмин. Эгер мен апамдын ордунда болсом сурайт элем, анан чаң салып кызымды жетелеп кетмекмин. Баарынан да тойдон кийин эки айга чейин “кандай жашап атасың?” деп сурабай койду. Телефону деле бар эле. Күйөөм болсо күндө эл жаткандан кийин урат, башка, эл көрбөгөн жерлерге муштайт. Чымчыйт. Шампунь, самыныма чейин сөз кылып, уруш чыгара берчү. Бир жолу түнү менен уруп чыкты, эртеси көгала болуп ишке бардым. Аны көргөн кесиптештеримдин үрөйү учту. Эжемдин номерин сурашып, ага “бир тууган кереги жокпу?” деп айтышты. Ошондон кийин апам шаарга келди. Күйөө баласын жаман көрүп калды. Кайненем менен урушту. Анда кош бойлуу элем, кете албадым. Чыр-чатакты ырбатпай мурда эле абалымды сурап койсо болбойт беле, менден ошондо кутула жадашса керек деп азыр да ичимен таарына берем…”.

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

“Боюмда болуп калганда дагы сабаганын токтотподу…”

Назгүлдүн жолдошу кылмышы билингенден кийин кайын-журтунан кечирим сурап, аялын урбаска сөз берет. Бирок убадасына турбай күнү-түнү көчө таптап, казино ойноп, түндө кызуу болуп келип кол көтөргөндү адатка айландырат. 

“Ал адамдын ким экенин билгенде көңүлүм калды. Иштечү эмес, кечке үйдө устундай болуп жатат. Колуна бир аз акча тийсе казино ойнойт экен. Бир жолу кайнатам “цемент алып, фундамент куй” деп берген 60 миң сомду уттуруп жибериптир. Боюмда бар кезде деле аяп койгон жок. Кээде түнкү саат 3тө тургузуп алып “эки жума мурда мага акшырайып карагансың” деп ура берчү”.

Оокатыбыз өтпөй калганда айылга бардык. Кайненем ар бир кыймылымды сындап, жүдөтүп жиберди. Кээде атайын жамандап, урдурган күндөрү болду. Уулум бир жашка чыкканда кайненем алып калды. Мен шаарга келип иш таптым, арзыбаган айлыгыма граммдап ун, шекер алып аябай каржалдым. Тиги болсо ар кимден карыз алат, бирок бербейт. Доочулар аласасын кээде менден өндүрүп кетишчү. Ажырашуума экинчи кызым эмчекте кезде катуу сабап салганы себеп болгон. Көкүрөк тушка муштаган, эртеси эмчегим шишип кеткен. Ошол тепкиден кийин бул адамдан жакшылык күтүүгө болбосун түшүндүм”. 

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

Баштан өткөн тагдырын айтып жатканда, Назгүлдүн көзүнө жаш тегеренди. Үч жарым жылдык үй-бүлөлүк турмушу 33 жылдык азапка тете болгон экен. 

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

Баса, Назгүл колуна шакек тагынбайт. Буга анын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартканы себеп болгон. 

“Нике шакек тагынчумун. Анан башка дагы бир шакек алып берген. Сатып алганын айткан. Азыр уурдап эле алса керек деп ойлойм. Урушуп кетсек эле “алып кел шакекти” деп колумду жулкулдатып чыгарып алчу. Бир жолу ошенткенде шакектин кыры аты жогумду тилип кетти. Урганда бетиңди жабууга аракет кыласың да. Муштум тийген сайын нике шакек бырыя берчү, кийин тагынбай калдым. Азыркыга чейин шакек тагынгым келбейт. Тагынсам эле кысылып, ошол адамдын тузагына кайра түшкөндөй кыйнала берем…”.

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

Тилекке каршы, шакектен корккон сезим үй-бүлөлүк зомбулукка туш болгон Назгүлдүн жашоосундагы жалгыз так эмес. 

“Кафеде чай куйганың үчүн сени тандагам” дегенде күйүп кеттим

Назгүл “Эмнеге мен ушундай адамга жолуктум, эмнеден жаздым?” деген суроону өзүнө азыркыга чейин берип келет.

“Баарын эстеп отурсам жүрөгүм ооруйт. Бирөө эле сага “Сен жиндисиң! Мээң иштебейт! Колуңан эч нерсе келбейт, бузулгансың” деп ура берсе, кордук көргөн адамда бара-бара өзүнө болгон ишеним жоголот экен. Чын эле ажырашып кетсем кантип балдарды багам? Же элге окшоп соода кылганды билбесем деп ойлоно берчүмүн. Күйөөм менин колуман чөнтөк телефон көрсө эле тартып алчу. “Урганымды апаңа айтып коесуң” деп коркчу. Кызым төрөлгөндөн кийин үйдөн иштеп калдым. Биртике айлыгыма мурдагыдай ага кийим же тамак-аш албай, кичинекей телефон сатып алдым. Ал ошол кезде түрмөдө кароолчу болуп иштеп жаткан. Жумуштан келер маалында Сим-картаны чыгарып, телефонду жаман чүпүрөккө ороп ваннанын алдына катып койчумун. Заарканып, бүгүн дагы эмнени баштайт деп жалтактап турчумун”.

Көргөн кордугу жанга баткан Назгүл бир жолу күйөөсүнөн эмне максатты көздөп үйлөнгөнүн сураган экен. Ошондо ал таңкалычтуу, жүрөгүн муздаткан жооп узатат. 

“Бир жолу катуу уруштан кийин “Неге мага үйлөндүң эле!?” деп сурадым. Ошондо ал мага “Сен бир жолугушууда мага чай куюп бергенсиң” деп айтты. Ал менин чай  куйганымды “баш ийе турган аял” катары кабылдаган экен. Көрсө алсыз, өксүгү бар эркектер “ийкемдүү” аялдарды тандап, өзүнүн эркек экенин далилдейт тура. Анан колунда бар жердин кызы, кайын-журт каралашат деп ойлоптур. Күйөөм ИИМдин академиясында таекесинин күчү менен окуган экен. Бирок милицияда жарытылуу деле иштебептир. Кайсы бир себептер менен бир айча камалып, биротоло иштен куулганын кийин уктум. Ошого жиндеп, жашоого болгон таарынычын менден чыгарчу тура”.

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

“Күлгөндү сагынгам. Ажырашуу акыркы шанс болчу” 

Назгүл кордук көрүп, ыза болуп турса да башында ажырашып кетүүдөн айбыккан. Анын айтымында, зомбулук айлампага окшош. Кирген адам оңой менен андан чыга албайт. 

“Күйөөм ургандан кийин кечирим сурай берчү. “Колум сынсын, эркекче айттым эми тийбейт, офицерлик сөзүмө турам” деп далай жолу айтты. Кийин “таяк жегениңе өзүң күнөөлүүсүң, жиним келип атканда мени алдап кой да” дегенге өттү. Биринчи балам төрөлгөндөн кийин ажырашуу керек деген чечимге келип, бирок кете албай чайналып жүрдүм. Ошол күндөрдүн биринде дагы боюма бүтүп калды. Чынын айтсам, төрөгүм келген жок. Алдырып салуу үчүн акча издеп, бирок таппай койдум. Ушундай наадандын тукумун улантып жатам деп өзүмдү жеридим. Андан биротоло кол үзгөндө кызым үч айлык болчу. Эки жылдан кийин сот аркылуу ызы-чуу менен ажыраштым. Кайын-журтум мени “бузулуп кетти” деп ушак чыгарып, уулумду талашып алып калышты. Алимент төлөбөстүн амалы экен көрсө. Эң начар эрге тийгениме ажырашканда дагы бир жолу ынандым. Кызым азыр чоңоюп калды. Ушунча жыл ичинде атасы жардам бермек тургай, көргөнгө жарабады. Ташбоор, акчадан башканы сүйбөгөн пенде экен. Жада калса мектепке бара турган болгондо паспортунун көчүрмөсүн бербей койду”.

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

Назгүл үч жарым жылдык үй-бүлөлүк турмушунда аябай чөгүп кеткенин, стресс болгонун айтты.

“Коңшуларым менин күлбөй калганымды байкашыптыр. Апама айтышкан экен. “Кабагы ачылбайт, суз” дешип. Стресстенби билбейм… Ажырашып кеткенден үч жыл өткөндөн кийин бир жолу аябай жыргап күлүп атканымды өзүм байкап калдым. Ошондо күлкүнүн, эркиндиктин баркын билгем…”. 

Назгүл эгер ажырашууга барбасак, акыры бирөөбүз өлүп тынмакпыз деп ойлойт.

“Ал дайыма “сени өлтүрөм, анан БЧКга таш байлап ыргытып жиберем” деп айта берчү. Өткөндө аялдар түрмөсүндө «күйөөсүн өлтүрүп коюп» кармалгандар тууралуу берүү көрдүм. Эгер ажырашпасам, балким алардын арасында мен да жүрмөкмүн. Кордук көргөн сайын адам кек сактай берип, бир күнү байкабай кылмышка барат тура. Ал мени үйдөгү жылыткычка сүздүрүп, мурдумду сындырып, электрошокер менен коркутканын эстегенде азыр да денем дүркүрөп, каным кайнап кетет. Башында аябай өч алгым келип жүрдү. Намысты тебелетпей, жок дегенде бетине кайнак суу чачып салбай деп ойлочумун. Кийин кудайга тапшырып, кечирип койдум. Жаман адамдар сөзсүз жазасын алат дегенге ишенем… Менин жазам ага жеңил болмок, жараткан өзү жазаласын”.

Ажырашкандан кийин Назгүл эки баласын багуу түйшүгүн өз моюнуна алган. Кайын-журтунда калган уулуна кээде каралашып турат. Ал эми мурдагы күйөөсү ажырашуу процесси бүтө электе эле үйлөнүп алыптыр. 

13 жылдан кийинки жашоо жана сабактар 

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

Назгүл көргөн кордугунан кийин жашоого башкача карап калганын белгилейт. Ажырашкандан кийин стресстен кутулуу үчүн өзүн китеп жана классикалык музыка менен алаксытууга өтөт. 

“Ажырашып кеткенден кийин да көп кыйынчылык көрдүм. Кичинекей бала менен иштейм, ооруйт, акча табуу оор болду. Тиран эркектер аялдарды болушунча сындырып, МЕН деген сезимиңди жок кылат экен. Муну ажырашкандан кийин түшүндүм. Ошол 3,5 жылды күйөөгө эмес, билим алууга жумшасам жакшы болмок. Өкүнүчтөн, жаман түштөрдөн кутулуп, алаксуу үчүн, жан дүйнөмдү тынчтандыруу үчүн шыпааны китептен жана классикалык музыкадан издедим. 

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

“Англиялык жазуучу Жон Фаулздун “Коллекционер” аттуу чыгармасы бар. Анда Миранда аттуу кызды бир эркек уурдап кетип, жертөлөдө кармайт. Кыз тиги жексурдун сүйдүрүп алуу аракетине баш ийбей жатып сыз, ным жерде суук тийип каза болот. Ушул чыгарманы окуганда көргөн кордугум эске түшүп, жаман болгом. 

Мени уурдап кетип кордогон эркек дагы бала кыял, ишеничи, максаты күчтүү, каалоо, ышкысы жанып турган бир Назгүлдү өлтүрүп кетти да. Коркуу менен жек көрүүдөн арылууга жылдар керек болду. Зомбулук көргөн аял эч качан мурдагыдай болбойт экен. Анын кайсы бир сезимдери өлөт. Мисалы, мен ажырашкандан кийин эркектерден качып, баарын душман санап калгам…”.

Жан дүйнөсү кыйналганда классикалык музыка уккан Назгүл бара-бара муну адатка айландырган. Ал өзүн бороондо сынып, бирок куурап калбай кыйшайып өсүп кеткен даракка салыштыра берет. 

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

“Той күнү басып кетпегениме өкүнөм. Бирок турмушумду өзгөртүүгө жетишкениме сүйүнөм” 

Назгүл учурда бир компанияда иштейт. Балдарына дайыма зомбулукка унчукпай баш ийүү туура эмес экенин, адам жашоодо өзүн урматтап жашаганда гана бактылуу болорун айтып турат. 

“Бул жашоодо өзүңдү сүйүү, өзүңдүн кызыкчылыктарыңды коргоо абдан маанилүү. Айрыкча, мен сыяктуу зомбулук көргөндөрдүн кээ бирлери мүңкүрөп, эч кимге айта албай “уят” деп жашай бериши мүмкүн. Бирок бул туура эмес. Аял эркек сыяктуу эле өзүнүн сүйгөн кесиби менен иштөөгө, жакшы мамилеге татыктуу. Азыр менде өткөнгө саякаттоо мүмкүнчүлүгү болсо аялдамада элдин көзүнчө сабалып, канжалаган келинди жөлөп тургузмакмын. Ак көйнөгүн кийип, көзү көгала болгон жаш келинди кучактап, “кетип кал, сен жакшы жашоого татыктуусуң” деп айтмакмын. Бир жаралган өмүрдө кордолуп жашаганга эч ким милдеттүү эмес…”.

#Шрам: “Той күнү сабаганда эле кетип калсам болмок…”  (Фоторепортаж)

Назгүл үй-бүлөлүк зомбулукту тыюу үчүн аны сындаган жарандык коомдун катары калың болушу керек деп эсептейт.

“Зөөкүр, чоң муштум, өзүмчүл эркектер бардык коомдо бар. Бирок өнүккөн өлкөлөрдө аларды мыйзам менен ооздукташат. Бизде милиция же кызматтагы адамдар аялын кордоп атса, кантип зомбулук тыйылмак эле?

Жада калса кыргыздын көркөм чыгармаларынан, киносунан ала качууну, үй-бүлөлүк зомбулукту романтика катары көрсөткөн учурлар кездешет. Айталы бир кыргыз сериалында күйөөсү сабап, таштап кеткен аял кайра күйөөсүн кечирет. Дагы бир тасмада шаардык кыз тааныбаган бала ала качса, каршылык көрсөтпөй жашап калат. Мунун баары коомго, жаштарга терс таасир этип жатпайбы.. 

Чынында ала кушту атынан аташ керек. Зомбулукту сүйүү эмес “кордук”, урган эркекти “алсыз” деп атоо маанилүү. Байкашымча, зомбулук жабык коомдо күчөйт экен. Ошон үчүн эркин, ачык коомдун өкүлдөрүн калыптандыруу керек. Анүчүн кыздарга өзүн коргоону, сыйлоону, эркек балдарга аялга кол көтөрүү кылмыш экенин мектептен, керек болсо бала бакчадан окутуу керек. Өзүн сыйлаган адам башканы да сыйлайт. Адамдын укугу корголгон коомдо гана өсүш болот. Бул менин азаптуу турмуштан алган чоң сабагым”. 

Автор: Гулиза Урустамбек кызы 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты