#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Кыргызстандагы аялдардын дээрлик 83 пайызы үй-бүлөдө психологиялык, сексуалдык жана моралдык зомбулукка кабылышат. Өзгөчө сексуалдык зомбулукка кабылган аялдардын 60%дан ашыгы, болуп өткөн окуя тууралуу укук коргоо органдарына жана жакындарына айтып беришпейт. Анткени, коомчулук көпчүлүк учурда сексуалдык зомбулукка кабылган аялдын өзүн күнөөлөйт. 

Биз бул жолу “Шрам” аттуу фотодолбоордо үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын окуяларын баяндайбыз. 

“Батирдин ээси ала качтырып жиберген…”

Бермет (белгилүү себептер менен аты өзгөртүлдү) үй-бүлөсүнүн кичүү кызы болгондуктан, ата-энесинин сүймөнчүгү жана эрке кызы болуп чоңоёт. Классташтары сыяктуу мектепти бүтүп, жакшы кесиптин ээси болсом деп жүргөн убакта күтүүсүз жерден атасынан айрылып калат. Бул Берметке чоң сокку болуп, жашоосун таптакыр башка нукка бурган. 

“Балалыгым абдан сонун өттү. Ата-энем да “бирөөгө жамандык кылба”, “акысын жебе”, “улууну урматта” деп тарбиялашкан. Турмуштун кыйынчылыктары жөнүндө көп ойлонбой, шаарга барып окуйм деп турган убакта атам каза болуп калды. Үй-бүлөлүк кыйынчылыктардан улам ошол жылы окууга тапшыра албай калдым. Шаарда байкемдер менен батирде турчубуз. Турмуш куруу оюмда жок эле жүргөм. Бир күн мени күйөөмдүн байкеси көрүп калыптыр. Инисине айтат мен жөнүндө. Ал болсо мени көрүп, жолукпайлыбы деп чала баштады. “Жок жолукпайм” деп болбой койдум. Кийинчерээк үй-бүлөсү менен сүйлөшүп ала качып кетүүнү ойлошуптур. Болгондо да биз жашаган батирдин ээси эле чыгарып берип жатпайбы. Ал бизге тууган же жакыныбыз деле эмес. Ошол учурда жаш элем, отуруп калдым. Болгондо да өзүмдөн 11 жаш улуу адам менен кокусунан турмуш курдум”, — деп эскерет ал.

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Бермет башында жаман болот. Чын эле турмушка чыкканын аңдай албай же кетип кала албай турган убакта үй-бүлөсү “таш түшкөн жеринде оор” деп Берметти калтырып кетишет. 

“Күйөөмдү жаман адам эле деп айтпайм” дейт Бермет. Үйлөнгөндөн кийин эл катары жашап, уруш-талашсыз күндөрдү көп эле өткөрүшөт. Бирок баары жолдошу Россияга кеткенден кийин башталат. 

“Бир уулдуу болгондон кийин, Россияга барып иштеп келели деп чечтик. Алгач күйөөм кетип, алты айдан кийин артынан бардым. Башында жакшы иштеп, сегиз жылдын ичинде шаардын четинен батир жана автоунаа алдык. Кийинки жолкусунда мен Кыргызстанда калып, күйөөм кетип калды. Биздин турмушубуз ушундан баштап бузула баштады.”,— дейт Бермет.

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Аралык узак болгондуктан бара-бара Бермет менен жолдошунун ортосундагы жарака да чоңоё берет. Кызганыч, таарыныч жана түшүнбөстүктөр күн сайын көбөйүп, күйөөсүнүн мамилеси да өзгөрөт. 

“Ал Россияга кеткенден кийин ортобузда сый жоголо баштады. “Кайсы жерде жүрөсүң?” десем мурдагыдай жооп бербей “Бар жоголчу сен кимсиң? Сага чейин да жүргөнмүн,сенден кийин да жүрөм! Колуңдан эмне келет?” деп ыйлатканды адатка айландырды. Болгон күчү менен басмырлап турчу. Кыргызстанга келсе дагы эки жума туруп кайра эле кетүүгө шашат. Кийин ойлоп көрсөм, мага кээде кол көтөргөндөн сырткары, моралдык жактан басмырлай берчү экен. Болгон күчү менен ишеничимди тебелей бериптир…”,- деп эскерет күйөөсүнүн мамилесин.

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

“Менин зордукталышыма күйөөм да күнөөлүү…”

Бермет менен жолдошунун эки өлкөдөгү жашоосу жылдан-жылга улана берет. Ал убакта Бермет кичинекей салон иштетип, уулун да жалгыз тарбиялап жүргөн болот. Күйөөсүнүн акча которуп турганы гана болбосо, баланы тарбиялоого дээрлик аралашпайт.  Дал ушул убакта Берметтин үй-бүлөсүнүн толук жок кылган каргашалуу учурлар башталат. 

“Күйөөм бизден алыста иштеп жүргөнүнө беш жылдан ашып калган. Ошол күндөрдүн биринде балам эки бутун тең сындырып алды. Балам 11ге чыгып калгандыктан, ажатканага алып барууга, жуунтууга жалгыз күчүм жетпей койду. Күйөөмдү келип карашып койчу десем болбой, кайнагамдын баласын үйгө чакырды. Балекеттин баары ошондон башталды.”

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Берметтин кайниси башында баласына каралашып, жардам берип, жакшы мамиле кылып жүргөн болот. Жашы да кичүү болгондуктан  Бермет аны иниси катары кабылдайт. Бирок бара-бара Берметке күйөөсү тууралуу жаман окуяларды айтып, Берметти да туугандарына жамандай баштайт.

“Кайним менен мамилебиз жакшы болчу. “Жеңе сиз жакшысыз. Сулуусуз” деп мактап турчу. Мен деле жаман оюм жок, “рахмат” деп койчумун. Бирок кийинчерээк “күйөөңүз кыздар менен жүрөт”, “мейманканага кыздар менен барганын көргөнмүн” деп ансайын экөөбүздү уруштура берди. Кийин билсем мени да кайын журтума “жаман жүрөт”, “тааныштары көп” деп айтчу экен. Болбосо салон иштеткен үчүн элдер менен көп маектешкенимди ушундай кабыл алышыптыр. Ушул сөздөрдү уккандан кийин күйөөмө чалып, “Иниңе айт, чыгып кетсин. Чоң эле бала эл да жаман ойлойт” десем кыйкырып, “Башка бирөөлөрдү алып келейин десең иним тоскоол болуп жатабы сага?, жашайт баламдын буту жакшы болгуча”, — деп салганын айтат.

Ошондон кийин, Берметтин кайниси үйүнөн кетпей калган. Берметтин зөөкүрдүн сексуалдык курмандыгы болушунда күйөөсүнүн дагы күнөөсү чоң деп эсептейт. 

“Баламдын көзүнчө…”

Бермет ал күндү эстегиси келбейт. Жакын жашаган курбусунун үйүнөн келип, баласы экөө уктап жаткан. Бир убакта мас болуп, өзүнө ээ боло албаган кайниси эшикти тээп кирип, Берметти баласынын көзүнчө зордуктап салат.

“Мени бетке бир чапты. Мурдум канап, эмне болуп жатканын түшүнө албай турганда зордуктап салды. Балам да жанымда болчу. Ага да чоң травма болду. Зордуктап бүткөндөн кийин да “Күйөөңө айтам, баарыбир сен күнөөлүү болосуң” деп мени коркутту. Ачууландым. Баарын күйөөмө жана апасына айтып салам деп бирок коркуп туруп алдым. Чын эле баарыбир мени күнөөлүү деп ойлошот да? Кантип зордуктаганын далилдейм? деп нес болдум.”,- деп эскерет каргашалуу түндү. 

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Ошондой күндөрдүн биринде жолдошу Россиядан келет. Айтууга батына албай турганда, инисинин Берметти коркуткан СМСтерин кокустан окуп калат. 

“Ошол учурда апам да каза болуп калган эле. Өксүп турганда, бир жагынан кайним да ар нерселерди жаза берчү. Бир күн да жазган экен күйөөм окуп калды. Анан баарын түшүнүп мени “бузулгансың, акмаксың” деп абдан катуу уруп салды. Анан кайним келип калганда, “сенин айыңдан мен таяк жеп жатам!” деп бакырдым. Кайним болсо күйөөмө “Жеңемдин күнөөсү жок, мен күнөөлүмүн” деп мойнуна алды. Бирок күйөөм унчуга албай “эми бул маанилүү эмес” деп кайниме бармагын да тийгизген жок. Мен корккондой эле, баарыбир мен күнөөлүү болдум…”,- деп аял болгону үчүн эле  бул адилетсиздикке туш болгонун сезген.

Ушул күндөн тартып Берметтин күйөөсүнүн мазактоосу менен сабоосу адатка айланат. Эч нерсе таппай калса да, “бузулгансың” деп моралдык жактан кысым жасай берет. 

“Бир туугандарым дагы мага ишенген жок”

Берметтин күйөөсү окуяны билгенден кийин, ортого эки тараптын туугандары да аралашат. Мас абалында зордуктаган кайнисинин атасы болушунча Берметти күнөөлөп, бир туугандарынын да намысына тиет. 

“Кайын журтум бул окуяда менден башка күнөөлүү адамды көрүшкөн жок. Күйөөмдү чакырып алышып, аялың ушундай, бузулган деп аны да болушунча мага каршы кылышты. Анысы аз келгенсип, эжем менен байкем да мени түшүнгөн жок. Мени укпай туруп кайнагамдын сөзүнө ишенип, байкем “Мындай карындашым жок” деп менден кечип кетти. Эжем болсо ар бир сөзүндө мени күнөөлөп жатканы билинип турду. Ошол убакта, мени чындап колдогон эч ким жок экенин түшүндүм.”, -деп мукактана түштү. 

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Бул окуялардан кийин, Берметтин күйөөсү ага “Үйдөн чыгып кет. Каалаган жагыңа бар” деген талап коёт. Мындан кийин сүйлөшүүнүн маанисиз экенин түшүнгөн Бермет ажырашуу акыркы чечим экенин сезет.

“Ызгаарда балам экөөбүздү эшикке чыгарып койду” 

Эки үй-бүлө ортосундагы жаңжалдан кийин Бермет үйүнө барса күйөөсү киргизбей коёт. Баласын алып калайын дегенде, “апам менен калам” деп болбой койгондуктан экөөнү тең эшикке чыгарып койгонун айтат.

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

“4-февраль болчу. Эшик суук, кечки сат 22:00. Үйгө киргизбей турганын билгеним үчүн эшикке өтө зарыл кийимдеримди алып чыгып бер дедим. Эски көп кабаттуу үйлөрдүн ортосунда турабыз. Бир убакта келип туруп, китеп салынган сумканы балама асып, “давай, балам” деп мага да сумкамды берип туруп кетип калды. Ошол жерде ыйлап калып калдык. Жанымда акча жок, эмне кылышымды билбейм. Анан адвокаттар менен байланышып, алар милиция бөлүмүнө кел дешти.

Адвокаттар Берметке соттун чечими чыкканга чейин күйөөсү аны эшикке чыгарууга укугу жок экенин түшүндүрүшөт. Милиция кызматкерлери Берметти үйүнө кайра алып келгенде, күйөөсү жана анын туугандары жылуу-жумшак жерде отуруп, эшиктин кулпусун алмаштырып коюшканын көрөт. 

“Милицияны көрөрү менен күйөөм “менин аялым иним менен жүрүп кетти, ошондуктан чыгарып салдым деп” айтып кирди. Бирок, милициялар үйдү алганда экөөбүз никеде болгондуктан, үй экөөбүзгө тең тиешелүү экенин түшүндүрүштү. Ал болсо менин милициялар менен дагы соо эмес экенимди ойлоп жетишиптир…”, дейт Бермет. 

Берметтин айтымында, ал кайниси менен болгон окуяга чейин деле күйөөсүнөн физикалык зомбулук көрүп жүрчү экен. Бирок бул нерсени кадимки көрүнүш катары кабылдап, көп нерсеге чыдап жүргөнүн эстейт.

 Ал эми сот процесси да оңой болгон эмес. 

“Сотко чейин бир үйдө жашап жүрдүк. Күн сайын басынтуусу күчөй берди. Бирок үйдү балага өткөрүп бер деп мен да көгөрдүм. Анткени күйөөм байкеси менен кеңешпей туруп эч нерсени чече албайт болчу. Алар болсо мени талаага эч нерсесиз калтырып кетүүгө ашыгып турушкан. Акыры соттон үйдү балама өткөрүп берди.”, — деп сот процессинин да оңой болбогонун айтып өттү. 

“Кайнимдин кийинки соккусу…”

Ажырашкандан кийин Бермет салонун иштетип, баласын багып мурдагы жашоосун уланта баштайт. Бирок кайниси анын тынчын алганды токтотпойт. Иштеген жеринен ызы-чуу чыгарып, кээде коркутуп, кээде кечирим сурап келе берет. 

“Кайнимди дагы атасы сабаптыр. “Сен адам эмессиң” деп жинине тие берчү экен. Бир күнү ичип алып келиптир. “Ошондо мас болуп калыптырмын мени кечирчи” деп. Мен башка тынчымды алба деп кетип баратсам дагы өзүн жоготуп сабап баштады. Наша да чегип алган окшойт. Жерге жатып калсам жүрөгүмдүн тушуна тээп, чачымдан сүйрөдү.”, -деп сүрөттөйт кайнисинин кордугун. 

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”
#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Анысы аз келгенсип, кайниси  мойнунан кармап муунтат. 

Бир убакта башка аргасы жок экенин билип “сени кечирдим”, “жакшы кишисиң” деп жалбарат. Ошондо гана токтоп, больницага алып барам деп баштайт. Шаар жакка кирип, элдер көбөйө баштаганда машинадан түшүп качып жөнөгөнүн айтат. 

“Менин ошол учурдагы сүрөтүмдү көрсөңөр, бетим таанылбай калган. Бетиме ушунчалык катуу уруптур эле, кан жыттанып турдум… Буту колум, эч жеримде соо жер жок болчу”, — деп эскерет ал күндү. 

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Алган жаракатынан улам Бермет бир канча убакыттан кийин гана өзүнө келет. Ал убакта соттун чечими менен Берметти сабаган кайниси убактылуу кармоочу жайга киргизилет. Бул процессте да мурдагы кайын журту Берметтин арызын алдыруу үчүн аракет кылышат. 

“Арыз жазгандан кийин, кайнимдин ата-энеси арызымды алуу үчүн акча сунушташты. Мындан сырткары, тергөөчү менен менин адвокатымды да сатып алышканын билдим. Анткени сотто бардык далилдер турса “анча оор эмес” деген бүтүм чыгарып жазып коюшуптур. Кимге ишенээримди деле билбей калдым. Ошол учурда кайнимдин апасы келип ыйлап, жалдырап туруп алды. Ар нерсени айтып отуруп, тосмо арыз жазчы деп ыйлай берди. Сен деле энесиң го деп. Азыр “аялдар эмнеге тосмо арыз жазат?” деп жинибиз келет эмеспи. Ошол учурда апасынын ыйлаганы үчүн арыз жазып салдым. Азыр кээде өкүнөм…”

Белгилей кетсек, Кыргызстанда орто эсеп менен үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 46 иштин бирөөсүндө гана айыпталуучу күнөөлүү деп табылат. Калган учурларда иш сотко жетпей эле жабылат. Адистердин айтымында, аялдарды тосмо арыз жазууга же ишти таптакыр айтпоого түрткөн нерсе “зөөкүр баарыбир жазадан кутулат” деген түшүнүктүн бар болгону. Анткени көпчүлүгү Кыргызстандагы укук коргоо системасынын адилеттүү иштей турганына ишене беришпейт. 

#ШРАМ: “Кайним зордуктады. Бирок күйөөмдүн көзүндө мен шуркуя болуп калдым…”

Бермет бул окуялардан кийин, мурдагы күйөөсүнүн бардык туугандарына анын тынчын албоосун айткан. Азыркы учурда баласы экөө жашайт. 

“Азыр өзүмө келе баштадым”

Азыркы учурда Берметтин күйөөсү менен ажырашканына бир жылдан ашуун убакыт болду. Ал өзүнүн турмушунда бир гана күйөөсүнүн зомбулугун эмес, анын туугандарынын да мазактоосун башынан өткөргөн. Берметтин айтымында, ал буга чейин элес албаган көп нерселерди ажырашкандан кийин түшүнгөн. 

“Ажырашкандан кийин, чоң адилетсиздикке туш болгонума көзүм жетти. Анткени, жалаа жабылып, кордук көрдүм. Күйөөмдүн ошол убактарда айткан “Эй сен сойку, өлүп албайсыңбы?! Ата-энең жок болсо, бир туугандарың колдобосо, сенин кимге керегиң бар?” деген сөздөрү бара-бара жок кылмак болуш керек. Бирок, бул нерсеге жол бербөө үчүн, ар кандай өзүмдү өнүктүрүүчү курстарга жазылдым. Ал жерде мугалимдер өзүбүздү сүйүү канчалык маанилүү экенин үйрөттү десем болот. Мен ишенем, бара-бара үй-бүлөлүк зомбулук жоюлат болушу керек. Ал эми ага кабылып калбаш үчүн балдарды да кыздарды да жаштайынан өзүн сүйүүгө жана башкаларды урматтоого үйрөтүү зарыл деп эсептейм.” , — деп сөзүн жыйынтыктады. 

Автор: Гулиза Урустамбек кызы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр