Шопоковдогу ишканадан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Шопоков шаарындагы ишканадан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт саат 13:58де чектөөгө алынып, 15:35те толук өчүрүлдү.

Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты