Шойгу: «Вагнердин» чагымы Украинадагы аскерлердин ишине таасирин тийгизген жок

  • 1 год мурун

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 23-24-июнь күндөрү “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин уюштурган козголоң тууралуу биринчи жолу комментарий берди. «Чагымчылдык аскердик топторунун аракеттерине таасир эткен жок», — деп билдирди Шойгу.

Селектордук жыйында сөз алган министр: «Бул пландар биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн өздүк курамы антына жана аскердик милдетине берилгендигин көрсөткөндүктөн ишке ашпай калды. Аскер кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди кайраттуулук менен чечүүнү улантышты», — деди.

Козголоң уланып жатканда Сергей Шойгу эл алдына чыгып, болуп жаткан окуяларга комментарий берген жок. Козголоң аяктагандан бир күн өткөндөн кийин, 26-июнда Шойгу Путин менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусуна катышып, бирок ачык билдирүү жасаган эмес.

The Wall Street Journal Батыш чалгындоо булактарына таянып, Пригожин козголоң учурунда Шойгу менен Герасимовду колго түшүрүүнү пландаганын жазды.

The New York Times гезити Пригожин өзүнүн пландарын генерал Сергей Суровикин менен бөлүшүшү мүмкүн деп жазат. Бирок Суровикин Пригожинди колдогону же тескерисинче, маалыматты ФСБга өткөрүп бергени белгисиз. Козголоң башталгандан кийин генерал аны эл алдында айыптаган. Ошондон бери ал окуялар боюнча эч кандай комментарий бере элек. Бул арада ал камакка алынат деген ар кандай ушактар тарап жатат. Башка булактардын айтымында, ал суракка алынып, кайра бошотулган.

Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан «Вагнердин» жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү «вагнерчилер» Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин «кан төгүүнүн алдын алуу үчүн» артка кайтышарын күтүүсүз жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин «куралдуу көтөрүлүштү» токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты