ШКУнун жыйыны: 3 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздашты

  • 9 месяцев мурун

Мамлекеттик иш-чаралар учурунда Бишкек гарнизонунун 3 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-27-октябрь күндөрү Бишкек шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жана Монголиянын Премьер-министри Лувсаннамерайн Оюун-Эрдэнэнин иш сапары болду.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти, жүрүү мезгилинде жарандардын коопсуздугун жана делегациянын катышуучулары келген жана жашаган жерлеринде коомдук тартипти коргоону талаптагыдай камсыз кылуу максатында Бишкек гарнизонунун 3 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты