ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бишкекте даярдык иштери текшерилди
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар, Фоторепортаж
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө карата борбор калаада жүргүзүлүп жаткан даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Шаар башчысы эл аралык «Манас» аэропортунан расмий делегациялар өтө турган маршрут боюнча жайгашкан объектилердин жана аймактардын абалын көрүп чыкты.
Текшерүүнүн алкагында мэр Манас көчөсүндөгү (мурдагы Васильев тракты) жол түйүнүн реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тилкеге илбирстин эстелиги түшүрүлгөн жаңы стелла орнотулган.
Мындан тышкары, мэри «Аска-Таш» мемориалдык комплексин реконструкциялоо иштеринин жана Манас көчөсүндөгү көпүрө өткөөлдөрүн капиталдык оңдоонун жүрүшүн көрүп чыкты.
Аталган объектилерде реконструкциялоо боюнча негизги иштер аяктады. Учурда алардын айланасындагы аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери уланууда.
Жооптуу кызматтарга бардык зарыл болгон иштерди белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү жана ШКУнун саммити менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде объектилердин жана аларга чектеш аймактардын тийиштүү абалын камсыз кылуу тапшырылды.





Сүрөттөр: Бишкек мэриясы




