Шавкат Мирзиёевдин сапарына байланыштуу Бишкекте айрым троллейбустар убактылуу токтотулат

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында №11 , №6, №5, №14 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулат . Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин келишине байланыштуу шаардагы айрым көчөлөргө чектөөлөр киргизилет.

26-27-январь күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв мамлекеттик иш сапары менен келерине байланыштуу кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында, Чүй облусунун айрым жолдору жана Бишкек шаарынын көчөлөрүндө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

– Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;

– Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

– Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

– Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, Мамлекеттик резиденциясияга чейин;

– Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты