Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 12-январда Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асейин Исаевдин Кыргыз Республикасындагы Өзбекстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдеги кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы жолдорун талкуулашты.

Тараптар ошондой эле Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарын уюштуруу маселеси талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты