Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

  • 2 года мурун
Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунда Өзбекстандын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото ардактуу кароол тизилди. Мамлекет башчылары жана алардын жубайлары кыргыз артисттеринин коштоосундагы концерттик программаны көрүштү. Өлкө лидерлери мамлекеттик сапардын алкагында эртең, 27-январда, тар жана кеңири курамда эки тарапты кызыктырган маселелердин кенен топтомун жана эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты