Шавкат Мирзиёев “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди

  • 10 месяцев мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Чолпон-Ата шаарында өтө турган “Европа Биримдиги – Борбор Азия” саммитине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Өзбекстандын президентин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин Акылбек Жапаров тосуп алды.

2-июнда Чолпон-Ата шаарында “Европа Биримдиги – Борбор Азия” аталыштагы экинчи саммит өтөт. Ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышмакчы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты