Шавкат Мирзиёев ант берип, президенттикке киришти

  • 1 год мурун

Өзбекстанда кезектеги мөөнөткө президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев бүгүн парламенттин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйынында ант берип, президенттикке киришти. Бул тууралуу Өзбекстан БШКсынын басма сөз кызматы билдирет.

Инаугурация Сенаттын имаратында өтүп, Шавкат Мирзиёевке жогорку белги жана президенттин штандарттары тапшырылды.

Белгилей кетсек, 9-июнда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо Шавкат Мирзиёев шайлоочулардын 87,05% добушун алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты