Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет

  • 2 года мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттик администарциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдиргендей, сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда. 

«Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. 

Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда. 

Шавкат Мирзиёевдин Кыргыз Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт», — деди Муратбек Азымбакиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты