Шавкат Мирзиеёв Бишкекке келгенде айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет

  • 1 год мурун

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Бишкекке келгенде айрым көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

26-27-январь күндөрү Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв мамлекеттик иш сапары менен келерине байланыштуу кошуна өлкөнүн делегацияларын тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурларында, Чүй облусунун айрым жолдору жана Бишкек шаарынын көчөлөрүндө төмөнкү көчөлөргө маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.

— Манас аэропортунан баштап, Бишкек шаарынын чегине чейин;

— Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

— Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

— Манас жана Ч. Айтматов проспектилери менен Чүй проспектинен тартып, Мамлекеттик резиденциясияга чейин;

— Мамлекеттик резиденциядан Дооронбек Садырбаев көчөсү менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейин.

«Жогорудагы чектөөлөр киргизилген көчөлөргө авто унаа каражаттарын токтотпоону, жол кыймылынын эрежелерин бузуп, карама-каршы тилкеге чыкпоону өтүнөбүз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты