Шашылыш билдирүү. Бишкекте жана Чүйдө үч саат аралыгында катуу шамал болушу мүмкүн

  • 7 месяцев мурун

Бишкекте жана Чүйдө үч саат аралыгында катуу шамал болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакынкы үч саат аралыгында күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төмөнкүдөй эрежелерди эскертти:

-катуу шамал учурунда эшикте сейилдөөнү токтотуп туруңуз;

— унааңызды имараттын жана бак-дарактын түбүнө токтотпоңуз;

— электр чубалгыларынын жанына турбаңыз;

— көчөдөн көз айнек тагыныңыз;

— үйдүн эшик-терезелерин жабыңыз.

Кырсык болгон учурда 112 бирдиктүү номерине байланышыңыз.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты