Шакиев Аксыда селден олуттуу зыянга учураган 4 турак үйдүн ээсине 200 миң сомдон бөлдү

  • 2 месяца мурун

28-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Аксы районундагы иш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарга барып, анын кесепеттери менен таанышты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, төрага Ийри-Булуң, Кара-Суу жана Кызыл-Туу айылдарынын тургундары менен баарлашты. Шакиев селден олуттуу зыянга учураган 4 турак үйдүн ээсине өзүнүн резервдик фондунан 200 миң сомдон бөлүп берерин билдирди.

Белгилей кетсек, 25-майда нөөшөрлөп жааган жаандан улам Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында жайгашкан Кезарт сайында сел жүрүп, Кара-Суу дарыясын тосуп калган. Натыйжада айылды сел каптап, турак жайлар жабыркаган. Көпүрөлөр кулап калуу коркунучуна кептелип, инфраструктарлык курулмалар зыянга учураган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты