Шайырбек Ташиев шайлоочуларына кайрылды
- 3 месяца мурун
Мандатын тапшырган Шайырбек Ташиев шайлоочуларына кайрылды. Анын билдирүүсү тарапташтарынын Фейсбук баракчасына жарыяланды. Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу чечимин кабыл алуу жеңил болбогонун, бирок өлкөнүн саясий стабилдүүлүгү, элдин тынчтыгы үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгонун белгиледи.
«Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду. Мен үчүн эң башкысы — сиздердин ишеним. Сиздер мага көрсөткөн колдоону жана ишенимди ар дайым жогору баалайм. Саясий кызматта болобу же башка тармакта болобу, мен ар дайым өз өлкөмө жана элиме кызмат кылууну улантам. Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем»,- деди Ташиев.
Шайырбек Ташиев 14-мартта мандатын тапшырды.




